Редакцияот 12.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 23-сессиясы

 

2020-жылдын 12-майы № 10

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламенитинин 5-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңештин төрагасы Ш.Арыновдун сунуштаган 2020-жылга карата айылдык кеңештин иш-планын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар планы алымча кошумчасы менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Ушул токтомдун жана иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Ш. Арынов

 

 

№1-тиркеме

Жалпак-Таш айылдык кенешиин

2020-жылдын12-майындагы №10

токтому менен бекитилсин.

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планы

№

 Иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жылдагы аткарган иштеринин абалы жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын угуу 

1-квартал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү

2.

Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн (“2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата”) 2020-жыл үчүн иш-чаралар мерчемин бекитүү 

1-квартал

Айыл өкмөтүнүн башчысы

3

Жазгы талаа жумуштарын өз убагында сапаттуу уюштуруу жана турак-үй куруу үчүн жер тилкесине муктаж жарандардын маселелерин кароо

1-2-квартал

Айыл чарба, жер боюнча туруктуу комиссиясы

4

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 ай ичинде аткарган жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо

3-квартал

Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтү

5

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол ондоо, таза суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн).

4 айда бир жолу

Туруктуу комиссиялардын торагалары

6

“Сары-Таш” таш кенинде иш аракет жүргүзуп жаткан ишканалардын иш-аркеттери жөнүндө

1-2 квартал

Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

7

Көчкү баскан жерлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана көчкү кесепеттерин алдын алуу жөнүндө

2-квартал

Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

8

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө

2-3-квартал

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

9

Аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуш деңгээлин көтөрүү жана майыптарга, согуш ардагерлерине, тылда кызмат өтөгөндөргө жардам көрсөтүү

дайыма

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

10

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчет)

Жылына кеминде бир жолу

Кенештин төрагасынын отун басары,депутаттар

11

Коомдук угууларды уюштуруу

4-квартал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

12

Айылдык кеңешке келип түшкөн арыз, даттануу жана кайрылууларды кароо жана аларга анализ жүргүзүү

дайыма

Регламен жана мыйзам боюнча туруктуу комиссиясы

13

Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2020-жылдагы кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттери жөнүндө

3-4-квартал

Кенештин төрагасы, айыл өкмөтү

14

Кезексиз сессияларды уюштуруу

Зарылдыгына жараша

Кенештин төрагасы

Төрага

Ш. Арынов