Редакцияот 15.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезексиз 24-сессиясы

 

2020-жылдын 15-сентябры № 17

Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралу” Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча Ведомостволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө Жобонун 3-талабына ылайык Алча-Башат калктуу конушунун тургундарынын жалпы жыйынынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына киргизүүгө сунушталсын.

2. Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жагы тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан суралсын. 

3. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Арынов