Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIX -чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2019-жылдын 15-ноябры № 5
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Ү. Бозбалаев |
| Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ чакырылышынын ХIV-сессиясынын 2019 жылдын « 15» ноябрь №5 токтому менен бекитилген. |
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө
Типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана Типтүү жобого ылайык иштелип чыккан, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
Жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги жана баалоо биргелешкен мониторинг жана баалоо болуп аталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингинин жана баалоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
- муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
- тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруучулар болуп саналышат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана баалоо (мындан ары – БМ жана Б) тобу тарабынан жүргүзүлөт.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарды жана технологияларды, анын ичинде «Интернет» түйүндөрүн пайдалануу менен көпчүлүк алдында жана ачык жүргүзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине туруктуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжаларын дайыма же бир жолку баалоо.
II. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун