Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нарын шаардык кеӊешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХХХVI сессиясы

 

2021-жылдын 2-марты № 2

Нарын шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023- жылдарга болжолу жөнүндө

Нарын шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2022-2023-жылдардын болжолу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдардын болжолу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодекси» жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 134328,8 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 114298,8миң сом жана салык эмес жыйымдары 20030,0 миң сом өлчөмүндө жана 2022-жылдын долбоору 136761,8миң сомго, 2023-жылдын долбоору 140711,8 миң сомго бекитилсин (1, 2-тиркемелер тиркелет).

2. Чыгашалар бөлүгү боюнча 134328,8 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 28920,1 миң сом, маданият тармагына жана спорт тармагына 9618,7 миң сом, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тармагына 21259,3 миң сом, турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына 55230,7 миң сом, социалдык жеңилдиктерге 1300,0 миң сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 18000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин (3-тиркеме тиркелет).

3. Нарын шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген планына Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалыматты Нарын шаардык Кеңешине берип туруу жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

4. Нарын шаардык билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарындагы №4 “Наристе” бала бакчасына кошумча 1 (бир) кароолчу штаттык бирдигине 102,4 миң сом, №15 “Бактылуу-Балалык” бала бакчасына кошумча 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 168,8 миң сом, №16 “Ыйман” бала бакчасына кошумча 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 168,8 миң сом жана №18 “Ак-Дил” бала бакчасына кошумча 1(бир) кароолчу штаттык бирдигине 102,4 миң сом каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.

5. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин негизги эмгек акылары бекитилсин.

6. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлири эмгек өргүүсүнө чыкканда 1 (бир) айлык өлчөмүндө дарылануу жөлөк пулу кошулуп берилсин.

7. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын директордун орун басары, оператор, аймак башчылары жана аймак катчыларынын айлык акылары ишкананын атайын каражатынан чогулган акча каражаттын эсебинен бекитилген штаттык бирдикке ылайык төлөнүп берилсин.

8. Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасы Нарын шаарындагы 1-4- класстын окуучуларын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү бөлүмү менен түзүлгөн акт-сверканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын жана каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

9. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.

10. Нарын шаарынын муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысынан түшүүчү 5500,0 миң сом акча каражатын толук чогултуу Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын директорунун жеке милдети деп белгиленсин.

11. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 114298,8 миң сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин жеке милдети деп белгиленсин.

12. Нарын шаарынын муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын атайын каражатына чогулуучу 4500,0 миң сомду чогултуу Нарын шаарынын муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын директорунун персоналдык милдети деп белгиленсин.

13 .Нарын шаардык мэриясына «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин чыгашаларына 1300,0 миң сом резервдик фонд түзүлсүн.

14. Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин.

15. Нарын шаарынын 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2022-2023-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Ботоканов

 

1-тиркеме

Нарын шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы

Элемент

Аталышы

2021-жыл

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

89420,0

1112

Атайын режимдер боюнча салыктар

12480,6

11121100

Бирдиктүү салык

1230,6

11122

Патенттин негизинде салык

11250,0

11122100

Милдеттүү патенттин негизинде салык

1850,0

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

9400,0

11311

Кыймылсыз мүлккө салык

2873,2

11311100

Ишмердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык

5,5

11311200

2-топтогу ишмердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык

2821,5

11311300

3-топтогу ишмердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык

46,2

11312

Кыймылдуу мүлккө салык

5816,0

11312110

Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык

467,0

11312120

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

5349,0

1132

Жер салыгы

3693,0

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

650,0

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

3043,0

11462320

Курулуш куму

12,3

11442440

Ичүүчү жана техникалык суулар

3,7

11

Салыктык кирешелер баары

114298,8

14153200

Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

5500,0

14224220

Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым

30,0

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

14500,0

14

Салыктык эмес кирешелер

20030,0

Салык жана салык эмес кирешелердин баардыгы

134328,8