Редакцияот 13.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН

2021-жылдын 13-январы № 13/12

Кара-Суу шаардык кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин 2021-жылга карата иш-планын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Суу шаардык кеңешинин 2021-жылга карата иш-планын бекитилсин.(тиркеме №1)

2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралар мөөнөтүндө, кынтыксыз аткарууга алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын .

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Р.Х.Хатамов

 

Кара-Cуу шаардык кеңешинин

2021-жылдын 13-январындагы

ХIII сессиясынын №13/12

токтому менен бекитилди

 

КАРА-CУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2021-ЖЫЛГА

ИШ-ПЛАНЫ

 

№

Каралуучу маселелер

 

Мөөнөтү

Жооптуулар

1.   

2021-жылдын январь-март айларында Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2020-2021-жылдарга карата экономикалык божомолу

I квартал

 

Кара-Суу шаарынын мэриясы, шаардык кенештин аппараты жана туруктуу комиссиясы

2.   

Кара-Суу шаарынын 2020-жылга бюджетин аткаруунун отчету

Кара-Суу шаар мэриясынын ФЭБ, туруктуу комиссия

3.   

 Кара-Суу шаар мэриясынын аппаратынын иш алып баруусу жөнүндө          

Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссия         

4.   

Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин 2020-жылда аткарган иштери жөнүндө

Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору

5.   

Кара-Суу шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча аткарылган иштер боюнча отчет

 

II квартал

 

Кара-Суу шаар мэриясы,

мун.менчик департаменти,

«Ак-Мээнет» АК

6.   

 «Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө

Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын директору

7.   

Кара-Суу шаарынын инфрастуктурасын жакшыртуу максатында чет элдик инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча алып барылып жаткан иштери жөнүндө

Кара-Суу шаар мэриясы

Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын директору

8.   

Кара-Суу шаарындагы мектептерде окуу тарбиялык иштеринин жана шашке тамактарынын уюштурулушу, жаш өспүрүмдөр арасына кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө

Ш.Осмоналиев

Б.Муминов

Р.Джумашева

Мектеп директорлору, ИДН, шаардык участкалык инспекторлор, туруктуу комиссия

9.   

Кара-Суу шаар мэриясынын укук коргоо органдары менен бирдикте коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук алдын алуу борборлорунун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө

Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссия

10.       

Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын биринчи кварталындагы жыйынтыктары жана экинчи кварталындагы милдеттери жөнүндө

 

 

 

 

 

 

III квартал

 

Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ,

туруктуу комиссиялар

11.       

Мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө

Кара-Суу шаарынын мэриясы, туруктуу комиссиялар

12.       

«Кара-Суу шаарынын калкынын жана экономика тармактарынын 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары жөнүндө»

Кара-Суу шаарынын мэриясы, туруктуу комиссиялар

13.       

Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө

IV квартал

 

Кара-Суу шаарынын мэриясы

14.       

Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармасынын башчысынын отчету

Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы

15.       

Кара-Суу шаарынын мэринин 2021-жылы аткарган иштери боюнча отчету

Кара-Суу шаарынын мэри

16.       

Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө

 

Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссия

       

 Уюштуруу-практикалык ишчаралар

 

17.       

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамына ылайык шаардын аймагында көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү иштерин жүргүзүү

дайыма

18.       

Кара-Суу шаарындагы жаштар комитеттери, маданият кызматкери менен биргеликте элдин ынтымагы, биримдигин даңазалаган маданий массалык иш чараларды өткөрүү

ай сайын

19.       

Шаардагы билим берүүчү мектептерде окуучулардын билим алуусун сапаттык көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча иш план түзүү

январь

20.       

Мыйзамсыз курулуштар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жандандыруу

квартал сайын

21.       

Өндүрүш процессине оперативдүү таасир тийгизүү максатында шаардын өнөр жай ишканаларынын иштерин талдоо жана мониторинг жүргүзүү

дайыма

22.       

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун туруктуу чараларын көөрүнү уюштуруу, тиешелүү чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу

дайыма

23.       

Шаардын укук коргоо органдарынын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин жыйынтыгын квартал сайын кароо

квартал сайын

24.       

Кыргыз Республикасынын кесиптик майрамдарына жана даталуу күндөргө байланышкан иш-чараларды сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу

дайыма