Редакцияот 28.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

2020-жылдын 28-август № 4

Жарандардын арыздарын кароо жѳнүндѳ

Жаран Мусаева Жыпаркандын 2020-жылдын 27-августундагы М-167 кириш сандуу арызын угуп жана талкуулап чыгып, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ” КРдин 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамынын 13-беренесинин 1п 2б ылайык Сакалды   айылдык кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн Сакалды айылынын жашоочусу Мусаева Жыпаркандын 2020-жылдын 27-августундагы М-167 кириш сандуу арызы айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосун тапкан жок деп белгиленсин. Бул арыз ээси Ж.Мусаевага ѳрттѳнүп кеткен сарайды калыбына келтирүү максатында 2018-жылы айыл ѳкмѳттүн эсебинен 8000 (сегиз миң) сом акчалай жардам ажыратылганын эске алып канааттандыруусуз калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ  Сакалды айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Д.Бекназаров