Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2020-жылдын 07-февралы № 4

Токтогул шаарын 2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын кароо, бекитүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарын 2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун маалыматын, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Токтогул шаарын 2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы айрым толуктоолор менен жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).

2.    Ички жана сырткы мүмкүнчүлүктөрдү максаттуу пайдалануу менен программада камтылган иштерди аткаруу Токтогул шаарынын мэриясына тапшырылсын.

3.    Аткарылышы боюнча Токтогул шаарынын коомчулугуна, шаардык кеңешинин депутаттарына бир жыл ичинде 2 жолудан кем эмес отчет берип туруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (К.Дербишев, З.Бекматова, М.Калмурзаев, М.Исаков) тапшырылсын.

5.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6.    Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

7.    Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Н. Жусупахунов

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XX сессиясынын  07.02.2020-жылдагы    № 04  токтому менен бекитилди

Тиркеме

 

Токтогул шаардык мэриясынын  2020-2022 –жылдарга түзүлгөн  болжолдуу өнүгүү  Программасы

№

 

Иш-чаралар\ аракеттер

Милдеттер

Болжолдонгон  сумма (млн.

Сом)

Каржылоо булагы

 

Аткаруу    мөөнөтү (жылдар)

        Аткаруучулар

Күтүлүүчү     натыйжа

2020

2021

2022

 

Өнөр жайы

1.

Иоддолгон туз өндүрүү цехин өнүктүрүү(башка продукция чыгаруу)

0,7

Жеке каражаты

0,7

 

-

 

 

Жеке ишкер Рысматов

Калктын иоддолгон туз м-н камсыз болуусу

2.

Этти кайра иштетүүчү чакан муниципалдык цех ачуу

2,0

Жеке ишкер

 

  2,0

 

 

 

 мэрия

Калктын тамак ашын жакшыртуу.

 

ЖЫЙЫНТЫК

2,7

 

0,7

  2,0

 

 

 

 

 

                                                                                                        Транспорт  жана  авто  жол  инфратүзүмү

1.

 Шаардын ички жолдорун: Токтогул шаарынын ички жолдорун асфальтоо (Мыктарбек-380м,                 Дадиев-470м,  Турусов-450м, Бердалиев-1км  жана Суйуналиев-300м, О.Керезов-400м жалпы 3км түзөт

20,0

Транспорт министрлиги респубдикалык  бюджет

10,0

   5,0

 5,0

 

 

    №23-ЖТИ

Жол коопсуздугу жогорулайт; Транспорт кыймылына шарт түзүлөт, шаардын инфратүзүмү жакшырат;

2.

 Кенжетаев, көчөсүнө түнкү жарыктандыруусу менен тротуар  куруу

3,0

стим грант, жергилик. бюджет

-

-

 3,0

 

 

     № 23-ЖТИ

 Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга шарт түзүлөт

 

3.

 

 Шарипов-Ашыров, Сүйөркулов-Сүйүналиев жана Дадиев-Бекташов көчөлөрүнүн кесилиштерине светофор орнотуу

 

2,0

 

жергилик. бюджет

 

 

 

2,0

 

 

 

         

  мэрия

 

Жол коопсуздугу жогорулайт, жөө жүр- гүн-гө  шарт түзүлөт;

4.

Жол сызыктарын ,жол белгилерин орнотуу

  0,9

 

 жергиликтүү бюджет

   0,5

 

   0,2

0,2

 

 

            мэрия

Ички  жолдордун абалы жакшырат

5.

1.Ботбаев  көчөсүнө   тротуар жарыктандыруусу менен куруу (600метр)   2.Суйөркулов көчөсүнө (түштүк тарабы)

   1,5

 

   1,1

 

 Стим.грант, жергиликтүү бюджет

1,5

 

  1,1

  

 

 

 

мэрия

Жөө жүргүнчүлөрдүн  коопсуздугу камсыздалат.

6.

Шаардын аймагына 2 даана аялдама куруу

   0,3

жергиликтүү бюджет

0,3

 

 

 

 

мэрия

Жүргүнчүлөргө  шарт түзүлөт

7.

Шаардын Топбаза, Ак-жон участкаларынын жана 7 кичи районунун  ички жолдоруна шагыл төгүп ондоо , тегиздөө иштерин жүргүзүү

   2,1

 Жергиликтүү бюджет

  0,7

 

  0,7  

  0,7

 

 

мэрия

Ички  жолдордун  абалын жакшырат

8.

 Коопсуз шаар системасын орнотуу

  2,0

  Областык Өнүктүрүү фонду

  2,0

 

  

 

 

 

мэрия

Жол коопсуздук абалын жакшырат

9.

Таштанды чыгарууга Атайын техника алуу контейнерлер менен

  5,0

АРИС аркылуу 

 

  5,0

 

 

 

мэрия, ӨСИ

Тазалык ишканасынын ишин жакшыртуу

10.

Грейдер алуу

  6,0

ӨСИ аркылуу (Өнүгүү саясаты институту)

 

6,0

 

 

 

 

мэрия ,ӨСИ

Тазалык ишканасынын ишин  жана жолдордун абалын жакшыртуу

11.

Боконбаев   көчөсүн Турусов көчөсүнө чейин ачуу

 0,5

Жергилик. бюджет

0,5

 

 

 

 

  мэрия

Жол коопсуздук абалын жакшырат

12.

Боконбаев  көчөсүнө тротуар куруу

1,8

Жергилик. бюджет

1,8

 

 

 

 

  мэрия

Жөө жүргүнчүлөрдүн  коопсуздугу камсыздалат.

13.

Токтогул  жазуунун  алдынкы корунушун  жакшыртуу

0,3

Жергилик. бюджет

0,3

 

 

 

 

  мэрия

Инфраструктураны жакшыртуу

 

ЖЫЙЫНТЫК

  46,5

 

18,7

  18,9

 8,9

 

 

 

 

Энергетика инфратүзүмү

1.

Шаардагы жаңы конуштар: Т Ак-Жон жана Топбаза кичи районундарына электр линияларын тартуу жана 1 даана КТП400 орнотуу

9,0

Атайын эсеп

3,0

3,0

3,0

 

 

          мэрия

Калкты электр энергия менен камсыз кылуу;

2.

Көчө жарыктарын орнотуу, 2,0 км

0,6

Жергилик. бюджет

0,2

0,2

0,2

 

 

           мэрия

 жөө жүргүнчүлөргө жакшы шарт түзүлөт

 

ЖЫЙЫНТЫК

9,6

 

3,2

3,2

3,2