Редакцияот 27.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VIIчакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы

 

2020-жылдын 27-январы № 155

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2020-жылгаөтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү жөнүндө.

 Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2020-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү боюнча айылдык кеңештин комиссияларынын төрага,төрайымдарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап ,Уч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешининVII-чакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Уч-Терек айылдык кеңештин 2020-жылга сессияларынын иш планы бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет)

2. Иш пландын негизинде сессиялардын өз убагында өтүүсүн камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Тойтиева Жылдызга милдеттендирилсин.

3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Акаев

 

 

2020-жылдын 27-январындагы Үч-Терек айыл аймагыны

айылдык кенешининVII чакырылышынын кезексиз

ХХХII -сессиясынын  №155  токтомуна 1- тиркеме

 

 

Үч-Терек  айылдык кеңешинин 2020-жылга

 

ИШ ПЛАНЫ.

 

№

Каралуучу  маселелер

Аткаруу

мөөнөтү

Ким  даярдайт

1

Айыл өкмөт башчысынын 2019-жыл ичинде  жүргүзгөн  иштери боюнча отчету

2020-жыл

I-кв.

Айыл өкмөт  башчысы.

2

Жайыт комитетинин 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету

*-*

Ж.Сатыбаев,Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия.

3

Үч-Терек  айыл аймагындагы  соц.адистин,  жана соц. тейлөөчүлөрдүн  2019-жыл  ичинде  жүгүзгөништери  жөнүндө.

 

*-*

Соц.маселелер  боюнча туруктуу комиссия,соц.адис Г.Жусукеева соц.тейлөөчүлөр Султаналиева Н.,Оморова А.,Сокубашова М.,Капсалаңова У.

4

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө.

*-*

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиева

5

ДЭУ-30 мекемелеринин жазга  карата даярдыгы жөнүндө.

*-*

ДЭП-30 жетекчиси, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия.

6

Көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча   3 айлык жарыялоо жана айыл аймактын тазалыгын сактоо жөнүндө.

*-*

Соц.маселелер  боюнча туруктуу комиссия. Статист-экономист   С.Жолдошова

7

Суугат иштеринин жүрүшү график менен иштөө тартибинин аткарылышы жана Таза суу , суугат суулардын берилиши боюнча  СОВП, УОС жана СПАнын жүргүзгөн иштери

*-*

УОС,  Абдыкадыров Ж, Б.Эпеков ,Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

8

Туруктуу комиссиялардын 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету.

*-*

Туруктуу  комиссиялар

9

Айдап себуу, таза суу,суугат суулар,оруу жыйуу ж.б.кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө.

2020-жыл

II-кв.

С.Жолдошова, Агрардыкмаселелербоюнчатуруктуу комиссия.

10

Салык пландарынын биринчи, экинчи кварталда аткарылышы боюнча маалыматы

 

Ырысбаев А,бюджет туруктуу комиссия

11

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча жана трансформатция боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө жер адисинин жана айыл башчыларынын маалыматы.

 

К.Абазов,с.Жолдошова,айыл башчылар, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия.

12

УИТ ишканасынын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

*-*

УИТ ишканасынын башчысы Э.Качкынбаев, Агрардык комиссия

13

Уч.инспектордун жана жашы жетпегендер боюнча уч.инспектордун 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө.

  *-*

Уч.инспекторлор, мыйзамдуулукбоюнчатуруктуу комиссия

14

Паспортстол, ЗАГС, РЭС, Почта, мекеме   жетекчилеринин  маалыматы

   *-*

Д.Калдыбаева,Н.Кочоров,К.Курманалиев А.Кутунаева, К.Мамыркулова

15

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин кароо, больница поликлиника, ФАПтардын жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматы.

*-*

ЖДПБ, ФАП, СПА, ГСВ, башчылары, Соц.маселелербоюнчатуруктуу комиссия

16

Айыл өкмөт башчысынын 6 айлык отчету жана 2020-жылдын бюджетинин 6 айлык аткарылышы жөнүндө.

 

2020-жыл

III-кв.

Айыл өкмөт  башчысы, Башкы эсепчи. К.Көкөев Туруктуу комиссиялар

17

Айыл өкмөтү тарабынан тартылган инвестиция жана инвесторлор боюнча иштерди  кароо.

*-*

А.Байсабаев,соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия

18

Балабакча, мектептердин жүргүзгөн иштери  жана ремонт иштеринин аткарылышы жөнүндө.

*-*

Мектеп директорлору,К.Көкөев, бала бакча жетекчилери, Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия

19

Айылдык китепканалардын, маданият үйүнүн клубдардын жүргүзгөн иштери боюнча мекеме башчыларынын отчету

*-*

Китепкана жана клуб башчылары, Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия

20

Балабакча, мектептердин, айылдык китепканалардын, клубдардын кышка карата даярдыгы жөнүндө.

2020-жыл

IV -кв.

КөкөевК,мектепдирек-торлору,балдар бакчанын башчылары, соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия.

21

Кузгу оруп жыйуу иштеринин жыйынтыгы жөнүндө.

*-*

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия,  Абазов К, Жолдошова С

23

ДЭУ-30 мекемелерининкышка карата даярдыгыжөнүндө.

  *-*

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия.

24

Аксакалдарсоту, Аялдаркенешимекемежетекчилеринин 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы .

*-*

Аксакалдар соту, Аялдар кенеши  ,Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия

25

Айыл өкмөтүндө өткөн тендерлер жана бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭБ башчысынын билдирүүсү.

*-*

К.Көкөев,Б.Ысабаева,бюджет туруктуу комиссиясы