МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
2020-жылдын 10-июлу № 2
«Масы айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга каратаӨнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды тийиштуу денгээлде даарылоого шарт тузуу жана аны алдын алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга карата Өнүктүрүү стратегиясы өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме тиркелет.)
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштуу документтерге озгортуулорду киргизуу Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы
Масы айылдык кеңешинин 2020-ж. 10.07 ________
СЕССИЯСЫНДА озгортуулор киргизилген.
2018 - жылдан тартып 2020- жылга чейинки мезгилде
жергиликтүү аймактын социалдык - экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы
Масы айылдык Кеңеши
Ноокен району
Жалал-Абад облусу
Ушул документ Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу тарабынан айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы,айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жамааттык топтордун өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыгып, ар бир айылда өткөн жыйындарда талкууланып, жактырылып, Масы айылдык Кеңешинин сессиясында бекитилген.
Масы айылдык Кенеши
2018-жыл
ӨНҮГYYНYН КӨРYНYШY
1.1. Киришүү
2018-2020-жылга карата Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясы айыл аймагынын, райондун жана республикабыздын аймагында иш алып барышкан айрым өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук уюмдардын, жамааттык топтордун, айылдык Кеңештин, жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышкан атайын жумушчу топ тарабынан айылыбыздын калкынын жашоо турмушун жакшыртуу боюнча топтолгон тажрыйбаларына таянып иштелип чыкты. Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясы (мында ары карай Программа же Стратегиялык план деп да аташат) аймактагы бардык 5 (беш) айылда өткөрүлгөн жалпы жыйындарда, айылдардын жана айыл өкмөттүн деңгээлинде өткөрүлгөн тегерек столдордо, жеке жарандар жана жарандык топтор, эмгек коллективдери менен уюштурулган ар кандай форматтагы жолугушууларда, кеңешмелерде кеңири талкууланып, маселелер аныкталып, приоритеттүү, артыкчылыктуу делген проблемалар тандалып алынгандан кийин жалпылаштырылып,, жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын сынына коюлуп, сессияда жактырылып, алардын сунуштары эске алынуу менен топтоштурулду.
Программа шарты боюнча негизинен айыл чарбасы, мал чарбасы, чакан жана орто ишкердик менен алектенген Ош-Бишкек жолунун жээгинде жайгашкан айылдардагы көп улуттуу Масы айыл аймагынын кайратман калкынын турмушунун деңгээлин көтөрүүгө, жашоо шартын жакшыртууга, аң-сезимдин жогорку чектерине жеткирүүгө, маданий жана руханий жактан асыл сапаттарга ээ болууга үндөөгө, бул калыс ниеттерди ишке ашырууга калктын өзүн толук мобилизациялоо аркылуу жетишүүгө багытталган. Анткени, акылман улуу элибиздин калган даана сөз бар “ Ырыс алды ынтымак” бүгүн социалдык мобилизациялоонун зарылдыгын учурдагы экономикалык абал, жада калса өзгөрмөлүү саясий кырдаал да толук шарттады.
Стратегиялык планда натыйжалуу эмгек, кирешелүү акыбет аркылуу жеке личносттун татыктуу жашоосун камсыз кылуу максаты коюлууда. Албетте акыркы мезгилдердеги элибиздин базар экономикасына таламдашкан интеллектуалынын жогору тепкичтерге улам-улам жогорулоосу, модерндешкен рынок шарттарын кабылдоосунун акырындап калыптанышы толук түрдө калкыбыздын жашоо-тиричилигинин оңолушүна жана жакшы жашоо нугуна жетишүүсүнө алып келээри айкын болуп калды.
Масы айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана инвестициялык планын аймагыбыздагы регулярдуу онүгүүнү камсыз кылуунун тепкич-тепкич болуп, өргө карай жылуунун аракети катары бааласак болот. Башкача айтканда коомчулуктун этап-этабы менен өнүгүүсүнүн башаты-ушул план болуп эсептелет. Бул планды турмушка ашырууда атайын көп тармактуу иш-чаралардын матрицалары кабыл алынып, алардын аткарылышы тийиштүү структуралар аркылуу толук түрдө көзөмөлгө алганда гана максатка жетүүгө болот. Планда камтылган приоритеттүү проблемалар айылдарда өткөрүлгөн жыйындарда талкууланып жана тастыкталып, топтоштурулуп, сессияда дал ушул Программаны аткарылышын камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамдары түзүлдү. Ал эми айылдык Кеңеш атайын токтом менен депутаттык жумушчу топтун курамын бекитти.
Көрүнүш.
Масы айыл аймагы – социалдык-экономикалык абалы мыкты, жарандык сектору өнуккөн, ынтымак-ырашкерликте жашаган, демилгечил жамааттык топтору, алтын колдуу дыйкандары жана төрт түлүк малды асылданта өстүргөн эли менен өзгөчөлөнгөн сыймыктанаарлык социалдык инфраструктурага ээ болгон, заманбаб спорттук, маданий курулуштарга эгедер болгон бак-шактуу көрктүү аймак.
АЙЫЛ кенеши жөнүндө жалПЫ МААЛЫМАТ
Географиялык абалы
Масы айыл аймагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун борборунда жайгашкан. Республикабыздагы дыйканчылык анын ичинде техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана мал чарбасын жүргүзүүгө шарты жакшы, ыссык айыл аймактарынын бири. Айыл аймагы күн чыгыш жактан Шайдан, күн батыш жактан Ноокен, түштүк жактан Арал айыл аймактары менен чектешет Ноокен районунун борборунан 0,5 км, ал эми облустун борборунан 55 км алыстыкта жайгашкан. Айыл аймагы 5 айылдан турат. Алар : Апыртан, Богот, Кызыл-Туу, Масы, Беш-Жыгач жана айылдык кеңештин депутаттардын саны 31. Калкыбыз негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен эмгектенишет.
Калктын саны : 24084
Кожолук саны: 4017
Райондук борборго чейинки аралык (км) 0,5
Облустук борборго чейинки аралык (км) 55
Социалдык – демографиялык маалымдамалар:
Калктын саны ( саны 24084 адам)
|
| Бардыгы (саны) |
| Жынысы: |
|
1 | Эркектер | 11753 |
2 | Аялдар | 12331 |
| Курагы |
|
3 | 0 -7 жаш | 2986 |
4 | 8 -16 жаш | 5298 |
5 | 17 – 65 жаш | 14209 |
6 | 65 жаш жана андан жогору | 1614 |
7 | Улгайган жалгыз бой адамдар | 36 |
8 | Толук эмес Yй-бYлө (атасы же энеси жок) | 220 |
9 | Толук Yй-бYлө | 3797 |
Жакырчылыктын деңгээли (Yй-бYлөөлөрдYн саны)
| Yй-булөөлөрдун жан башына алынган орточо кирешесинин деңгээли (бир айда) | Бардыгы (саны) |
1 | 0 - 810 сомго чейин | 469 |
2 | 811-1519,5 сом | 443 |
3 | 1520,5-2631,1 сом | 338 |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 1250 |
1.3.5. Окуучулардын саны – 3596, Мектепке чейинки билим алуучу балдардын саны - 2598
1.3.6. Медициналык мекемелерге кайрылган оорулуулардын саны - 738
Масы аймагын 2018-2020-жылдарга карата өнүктүрүү багыттары.
1-багыт. Билим берүү мекемелерин жана спорт аянттарын куруу менен жаштарга билим алуусуна шарт түзүүгө жетишүү.
Көйгөйлөр жана алардын себептери.
Масы айыл аймагында жалпы чогулуштарда жаштарга билим алуусуна жана спорт менен машыгууга шарт тузуу маселеси приоритеттуу болуп аныкталды.
Кызыл-Кыштак, Апыртан, Эски-Масы айылдары райондун борборунан 6-8-км алыстыкта жайгашкан. Айылдарда мектеп жок болгондуктан алыскы айылдардагы туугандарынын уйундо жашап окушат, себеби алар мектепке жакын жашашат. Ошол эле учурда ата-эненин тарбиясынан алыс болушат. Ал эми Масы айылындагы орто метептерге келип кетуусу бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ички жолдору начар абалда. Жол алыс, жоо бапы келишет, коомдук транспорт каттабайт. Жаан жааган күндөрү башталгыч класстардын окуучулары жолдун ылайдыгынан, карда мектепке барбай калышат. Жамгыр жана кар жааган кундору мектепке келгиче суу болуп келишет жана мектепте кийимдери суу болуп окушуп кайра уйлоруно баргандын кесепетинен балдар жана кыздар ооруп мектепке 3-4 кун барбай калышат. Окуучулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Кыш кундору кун кыска болгондуктан эртен менен жана кечинде карангыда коркон балдар жана кыздар бир топ азаптарды тартышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кызыл-Кыштак, Эски-Масы, Апыртан айылдарынын тургундары мектепке муктаж.
Масы айылында жаштар бош убактыларында спорт менен машыгууга шарттын жоктугунан, тамеки чегишет, уурулук кылышат, айылдагы терс корунушторго женил барышат. Спорт менен машыкпаган жигиттер жана кыздар медицина мекемелерине медициналык кызмат алууга коп барышат. Жаштар арасында ажырашуулар коп болуп жатат. Спорт менен машыккан балдар жана кыздардын ан-сезими жогору болот, себеби ден-соолугу жакшы, озуно окшогон жаштар менен маектешип коп маалымат алышат, сабырдуу болот, жаман жолдорго барбайт. Ата-энеси билишет балас кайсыл жерде спорт менен машыгып жатканын. Масы айылында спортту жакшы коргон, спорттук мелдештерди уюштурууга активдуу катышкан, спортту жакшы билген жаштар коп. Ошондуктан Масы айылына минифутбол аянтчасын куруу менен жаштар учун чон кам корулот. Жаштарга шарт тузуу максатында Масы айылында коомдук эс алуучу иш-чараларды откоруу учун айылдык маданият уйунун абалын жакшыртуу.
Масы айыл аймагында балдарды балдар бакчасы менен камсыздоо пайызы аз. Кызыл-Туу, Апыртан айылдарында балдар бакчалары жок. Мектепке чейинки билим берууну уюштуруу зарыл. Кызыл-Туу жана Апыртан айылдарына балдар бакчаларын куруу керек. Беш-Жыгач айылындагы балдар бакчасында имарат жетишпейт.
Негизги себептери:
Финансынын жетишсиздиги, жергиликтүү бюджеттин алсыздыгы.
Кызыл-Кыштак айылында орто мектептин жоктугу.
Масы айылында минифутбол аянтынын жоктугу.
Масы айылдык маданият уйуно казерок куруу.
Балдар бакчаларын куруу.
Проблемаларды чечүү үчүн колдо болгон жана зарыл ички жана тышкы ресурстар
Ички мүмкүнчүлүктөр | Тышкы мүмкүнчүлүктөр |
- Активдүү жамааттык топтор - Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы - Калктын жамааташкан ишке болгон мамилесинин жогорку деңгээли -Айыл аймагынын жетекчилигинин бул багытты колдоп жатканы - Муниципалдык менчикти туура пайдалануу мүмкүнчүлүгү - Жергиликтүү калктын өзүнүн салымы. | - Айыл өкмөтундө көп улуттүү, жыш жашаган калк. - Донорлор менен иштешүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бардыгы. - Ишкер, колунда бар жарандардын айылды колдоого даярдыгы. -Жаңы-жумуш орундарын түзүүгө жана балдардын билим алуусуна шарт түзуп берүү. - Өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл буруу.
|