Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 15-январы ПЖ № 26
Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын маселелери
Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык, талдоо, протокол жагынан камсыз кылууну өркүндөтүү жана чагылдыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси менен бирдикте:
- ушул Жарлыктан келип чыккан иш-чараларды жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын түзүлгөндүгүнө байланыштуу бошогон кызматкерлерди ишке орноштуруу менен байланышкан маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө Жобонун 5-пунктунда:
экинчи абзацтагы "жалпыга маалымдоо каражаттарын жана массалык коммуникацияларды" деген сөздөр алып салынсын;
алтынча абзацтагы "координациялоо" деген сөз алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-апрелиндеги № 122 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы жана басма сөз-кызматы жөнүндө Жобо, Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматы жөнүндө Жобо, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын материалдарды талдоо жана иштетүү тобу жөнүндө Жобо күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы № 26 жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Президенттин Катчылыгынын негизги милдеттери
III. Президенттин Катчылыгынын ыйгарым укуктары
IV. Президенттин Катчылыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын статусун, ыйгарым укуктарын жана ишинин уюштурулушун аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы (мындан ары Президенттин Катчылыгы) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт, ага түздөн-түз баш ийет, отчет берет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курамына өз алдынча түзүм катары кирет.
3. Президенттин Катчылыгы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
4. Президенттин Катчылыгынын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.
5. Президенттин Катчылыгынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык, талдоо, протоколдук жактан камсыз кылуу жана чагылдыруу;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жагында саясатты түзүү боюнча сунуштарды даярдоо.