Редакцияот 25.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 25-апрели №14/51

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү жөнүндө

 

Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.         Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин (№1 жана №2 тиркеме).

2.         Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

3.         Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобосу бекитилсин.

4.         Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.

5.         Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигининwww.gamsumo.gov.kg жана www.ormonhan.kg веб-сайттарына жарыялансын.

6.         Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

7.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.

Тѳрага

Ырысбек Бектен

 

 

 

Кош-Дөбө айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын

2018-жылдын 25-апрелин №14\ 51 токтомуна №1

тиркеме

 

Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси

№

Кызматтын аталышы

Кызматты  стандартташтырууга жооптуу орган

Муниципалдык кызматты аткаруучунун аталышы

Көрсөтүүнүн шарттары

(акы төлөнүүчү

же акысыз)

тейлөө кызматы

 

Кочкор району,  Кочкор АО, Нарын облусу

1.

1 июнь, 9 май, афгандар, ЧАЭС, майыптар, карылар, энелер кундору жана жылда, аз камсыз уй-булоодогу, жетим, тоголок жетим балдарга жана карыларга жардам беруу;

Айыл окмоту

Айыл окмоту

Акысыз

2

Аз камсыз жалгыз бой кары адамдарды, согуштун ветерандарын зарыл азык тулук продуктусу жана даары дармек менен камсыздоо

 

 

 

3

Томолой жетимдерге материалдык жардам көрсөтүү

Айыл окмоту

Айыл окмоту

Аз камсыз, коп балалуу уй-булоодогу балдарга,  өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон балдарга (ДМЧА) жана жалан беш баасына окуган окучуларга ата-энесинин арызынын негизинде кезектоо шарты менен жайкы эс алуу лагерине жолдомо менен камсыздоо

Айыл окмоту

Айыл окмоту

Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө сөөк койууда отун жагынан жана башка жардамдарды берүү

Айыл окмоту

Айыл окмоту

Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелуу балдарга майыптар кунуно белектерди тапшыруу;

Айыл окмоту

Айыл окмоту

Көп балалуу жалгыз бой энелерге кышкы мезгилге жыгач отун менен камсыздоо.