Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-сентябры №17/60
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын курамында турган менчик объектилерин башкаруу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан “Муниципалдык менчик объектилерин башкаруу” тартиби жөнүндө Жобону бекитүү максатында Кош-Дөбө айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик объектилерин башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО бекитилсин.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | Ырысбек Бектен |
|
|
| Кош-Дөбө айыл аймагынын Жергиликтүү Кеңешинин 2018-жылдын “4” сентябрь № 17/60 токтому менен бекитилген
|
Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган объекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик/ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
ижара – муниципалдык менчик объектин белгилүү бир акыга же акысыз түрдө белгилүү бир мезгилге колдонуу укугу менен ал объектти ижарага берүүчүнүн (айыл өкмөтү) ижарачыга бериши;
аукцион – эң жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү деп эсептелген тооруктардын формасы;
кепилдик төлөмү – жер участогуна укук алуу максатында тооруктарга катышууну каалаган талапкер тарабынан киргизилүүчү акчалай сумма;
шаар куруу регламенти – шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтери, куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен белгиленген айылдагы калктуу жерлерде жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген колдонуунун параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;
шаар куруу документи – райондук пландаштыруу долбоорлорунун документтери, башкы пландар, деталдуу пландаштыруунун, чек салуунун, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн куруунун калктуу конуштардын пландуу түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
сары сызыктар – уратуучу жер титиретүүлөрдүн, башка жаратылыш же техногендик кырсыктардын кесепетинде имараттардын (курулмалардын, куруулардын) ширендилеринин (уроолордун) мүмкүн болгон жайылуусунун максималдуу жол берилген зоналарынын чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттар менен курулмалардын ортосундагы ажырылган жерлерди жөнгө салуу үчүн колдонулат.
конкурс – катышуучулардан тооруктардын предметине карата ижарага берүүчү тарабынан белгиленген шарттарды аткаруусу талап кылынган тооруктардын формасы;
кызыл сызыктар – көчөлөрдүн жана жолдордун кеңдигин аныктоочу жана көчөлөр менен жолдорду пландуу түзүмдүн башка элементтеринен бөлүп туруучу чек болуп саналган сызыктар;
лот – менчик укукка ээ болуу тооруктарда коюлган муниципалдык менчиктин конкреттүү объекти;