Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-августу №29
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарынын жергиликтүү жамааттын Уставын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Бүлөлү айылдык кенешинин экономика, бюджет, мыйзамдуулуктун сакталышы, укук тартибин чыңдоо, инвестициялар жана ишкерлик кеңештин иштери жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Бүлөлү айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-бересинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Бүлөлү айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Бүлөлү айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиешел\\ тартипте жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бүлөлү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бүлөлү айылдык кеңешинин экономика, бюджет, мыйзамдуулуктун сакталышы, укук тартибин чыңдоо, инвестициялар жана ишкерлик кеңештин иштери жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | Т. Осмонов |
| Бүлөлү айылдык аймагынын Айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-августундагы №29 токтому менен бекитилди |
Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык аймагынын
жергиликтүү жамаатынын
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Бүлөлүайыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы -жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу,жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстергекатышуусун кошкондо жергиликтүү маанидегимаселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыменен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкарууишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири мененжана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Бүлөлү айыл аймагындаколдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой элежеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставдатөмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: