Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-октябры №14/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды жана кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгуу жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|
Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун Өзгөн шаарынын 2018-жылынын 6 айындагы социалдык-экономикалык
өнүгүүсүн камсыз кылууда жүргүзгөн иштери боюнча
Урматтуу депутаттар, урматтуу сессиянын катышуучулары!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, шаардын мэри Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 44-беренесинин 8-пунктунда «бир жылына эки жолудан кем эмес шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарынын алдында отчет берет»,-деп белгиленген.
Мен шаардын мэринин милдетин аткаруучу катарында бюджеттин аткарылышы боюнча, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча ай сайын тийешелүү мекеме-уюмдардан маалыматтарды алып анализ чыгарып турамын.
Бүгүн Сиздерге шаарда 6 айда жасалган иштер боюнча маалымат берейин.
Менин шаар мэринин милдетин аткаруучу катарындагы кылып жаткан кызматымдын максаты - шаардын элинин татыктуу жашоо турмушун (камфорттуу жашоосун) камсыз кылуу болуп саналат.
Урматтуу депутаттар, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу Өзгөн шаар мэриясы 2018-жылдын 6 айында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытындагы иштерге, шаардын архитектуралык облигин жакшыртуу, социалдык инфраструктурасын чечүү боюнча иш алып барды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194 «Кыргыз Республикасынын аймактык саясатты өнүктүрүү концепциясынын 2018-2022-жылдарга карата бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасы иштелип чыгылды.
Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасынын багыттарын түзүүнүн эӊ башкы негизи болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондорду өнүктүрүүнүн Концепциясында Өзгөн шаарынын аймакты өнүктүрүүнүн чекити катары кабыл алынгандыгы эсептелет.
Ошону менен катар Ош-Бищкек трассасынын Өзгөн шаарынын борбору аркылуу өткөндүгүн эске алуу менен, Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, ишкердүүлүк чөйрөсүнө тиешелүү шарт түзүү жана социалдык коргоо тармактарын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду шаардын өнүгүү старатегиялык программасына киргизүү менен ишке ашыруу жагы пландаштырылды.
Өзгөн шаарынын 2018-жылдын 6 айындагы социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча:
2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен шаарда 10861977 сомдук суммада өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, жумуштар жана тейлөөлөр жүзөгө ашырылып, өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 104,9 пайызды түздү.
Өзгөн шаарынын бюджетинин 6 айында аткарылышы боюнча: Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 2018-жылдын 6 айынын такталган планы 43046,9 миң сомду түзгөн жана иш жүзүндө 45652,2 миң сомго аткарылып, 106,1 пайызды түздү, башкача айтканда такталган планга салыштырмалуу 2605,2 миң сомго, бекитилген планга салыштырмалуу 5455,4 миң сом ашыкча киреше түшкөн.
Ал эми 2018-жылдын 6 айына карата Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын такталган планы 46482,7 миң сомду түзүп (3435,8 миң сом эркин калдыктын эсебинен такталган), аныгында 37151,7 миң сомго аткарылган. (Бюджеттин 2018-жылдын 6 айындагы киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча таблица түрүндөгү маалымат тиркелет).