Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры №42
Достук айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын жана комиссиялар тууралуу жобону бекитүү максатында Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХVII чакырылышындагы IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй түзүлүп, бекитилсин:
- Садырбеков Курманбек Карыялар кенешинин төрагасы- комиссиянын төрагасы,
- Тилекматов Жалынбек айылдык кенештин депутаты-төраганын орун басары
- Канатбек к К Достук айыл өкмөтүнүн соц.адиси, комиссиянын катчысы
- Туркменов Каниет Достук айыл аймагынын мал чарба адиси, комиссиянын мүчөсү
- Акматов Тоту жамааттын өкүлү-комиссиянын мүчөсү
- Жумалиева Рая аксакалдар сотунун төрайымы, комиссиянын мүчөсү
- Мендибаев Адил жаштар уюмунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү
2. Достук айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет)
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | К. Өмүрканов |
|
|
| Достук айылдык Кенешинин депутаттарынын XVII чакырылыштагы IX сессиясынын 10-декабрь 2018-жылдагы №42 токтому менен бекитилген
|
Достук айыл аймагынын бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароо боюнча
комиссиясы тууралуу
1.Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жɵнγндɵ кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары-Комиссия) тγзγγнγн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтγγ кещеш тарабынан тγзγлɵт жана туруктуу иштɵɵчγ коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жɵнγндɵ Жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтγγ кенештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия ɵз ишмердγγлγгγнɵ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жɵнγндɵ кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтγγ кенештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес, ɵткɵн календарлык жылда аткарган ɵз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтγγ кенешке киргизет.
7 . Комиссиянын ишмердγγлγгγн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтγγ бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жγргγзγлɵт.
2. Комиссияны тγзγγнγн жана анын ишмердγγлγгγн токтотуунун тартиби
8.Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын тɵрагасынан, тɵрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мγчɵлɵрγнγн курамында тγзγлɵт.
9.Жергиликтγγ кенеш тарабынан бекитилγγчγ Комиссиянын курамына тɵмɵндɵгγлɵр киришет:
-жергиликтγγ кенештин депутаттары;