Загрузка документа…
ЫЛАЙ ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №10/4
Жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, абройун жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги жана эл алдында чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобонун 6-пунктунун“б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодекси боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Осмоналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодекси Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ylai-talaa-aimak.kg веб сайтына жарыялансын.
2. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү кеңештердин Типтүү этикалык кодексин расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жана ар бир документ үчүн 300 сом төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ylai-talaa-aimak.kg веб сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | Н. Жолдошов |
| Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги Х сессиясынын (V чакырылыш) 21-ноябрь 2018-жылдагы № 10/4 - токтомуна тиркеме
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөзсүз аткаруугамилдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.