Загрузка документа…
ЫЛАЙ ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №10/6
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 313-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралууТиптүү жобосун бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында бузуулар жөнүндө комиссиянын жобосутиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндөиштикарообоюнча төмөндөгүдөйкомиссиянынкурамыбекитилсин:
1) Ш.Бекиев-айыл өкмөтүнүнбашчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
2) Карабаев Садык-айылдык кеңештиндепутаты, төраганынорунбасары;
3) Исаев Бакыт-айыл өкмөтүнүнжерадиси, комиссиянынкатчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
4) Ж.Ибраимов-жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы;
5) А.Бердибеков-Ылай-Талаа СООПВ башчысы;
6) А.Бакиров-милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү;
7) Б.Джолоев- милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү;
8) Т.Намашамов-айылдык кеңештиндепутаты;
9) С.Дыйканов-айылдык кеңештиндепутаты.
3. Комиссиянын курамы Ылай-Талаа айыл аймагында бузуулар жөнүндөгүТиптүүжобонуаткаруугаалышсын.
4. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ylai-talaa-aimak.kgвеб сайтына расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүнylai-talaa-aimak.kg веб сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | Н. Жолдошов |
| Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги Х сессиясынын (VI чакырылыш) 21-ноябрь 2018-жылдагы № 10/6 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобоКыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнчакомиссияларын (мындан ары - Комиссия)түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндөжобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобонужетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештиналдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянынкурамына төмөндөгүлөр киришет: