Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №120/22-7
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобо бекитилсин. (тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|
| Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-ноябрындагы XХII сессиясынын N 120/22-7-токтомуна тиркеме
|
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
Электрондук форматтагы аукциондо муниципалдык менчикти менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
электрондук соода аянтчасынын ички регламенти - электрондук соода аянтчасынын оператору бекитүүчү, электрондук соода аянтчасынын иш тартибин аныктоочу эрежелердин жыйындысы;
өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналы - электрондук форматта өтүнмөлөрдү эсепке алуу боюнча программалык-аппараттык каражат;
электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү - электрондук соода аянтчасында катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүү сайттын бөлүгү;
маалыматтык билдирүү - маалыматтык системалардын иштөө процессинде берилүүчү туура бириктирилген маалыматтардын жыйындысы;
жеке кабинет - электрондук соода аянтчасында колдонуучунун автоматташтырылган жумуш оруну;
менчиктештирилүүчү объект - электрондук форматтагы аукциондо менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык мүлк;
электрондук аукциондун оператору - сатуучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жана электрондук тооруктар өткөрүлүүчү Интернет тарамында электрондук соода аянтчасынын порталына ээ болгон адистештирилген уюм;
электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгү - сайттын жалпыга жеткиликтүү бөлүгү, анда иштөө үчүн системада катталуу талап кылынбайт;
сатуучу - муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган;