Редакцияот 19.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 25-сессиясы

 

2016-жылдын 19-сентябры № 25-13

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин кайрылуу катын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин Араван айылынын борборундагы «Белек» (мурдагы Амир Темур) кинотеатрынын имаратын, имаратка тийиштүү жана айланасындагы жер тилкесин социалдык обьект катары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча кайрылуу катын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Өкмөтүнүн 16.02.1995-жылдагы №УП-35-Жарлыгын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы «Белек» (мурдагы Амир Темур) кинотеатрынын имаратын, имаратка тийиштүү жана айланасындагы жер тилкеси социалдык обьект катары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Маннанов