Редакцияот 19.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 25-сессиясы

 

2016-жылдын 19-сентябры № 25-18

С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн бюжетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2016-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын кирешелеринен кошумча 665,2 миң сом №1 тиркемеге карата бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет).

2. С.Юсупова айл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджетинин чыгашаларына кошумча каражат 665.2 миң сом №2 тиркемеге карата бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Маннанов

 

 

С. Юсупова айылдык Кеңешинин 4-чакырык 25-сессиясынын № 25-18-токтомуна №1-тиркеме

 

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын ичинде айылдык бюджетинин каражаттарынын кирешелеринин планы, жыл башына бекитилген планга карата 665,2 миң сом кошумча суммасы төмөндөгүчө:

 

№

 

Кирешелердин аталышы

Алымча (миң сом)

Кошумча (миң сом)

1

Атайын каражаттар

+200,0

2

Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы

+200,0

3

Калктуу конуштар жашаган жерлердин ижара акысы

+58,5

4

Административдик жарыйма

256,7

5

Айыл чарбасы эмес жерлерди сатуу

-50,0

Кирешелердин жыйынтыгы:

 -50,0

 +715,2

Бардыгы:

 +665,2

 

С. Юсупова айылдык Кеңешинин 4-чакырык 25-сессиясынын № 25-18-токтомуна №2-тиркеме

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн каржылоосуна 665,2 миң сом кошумча суммасы төмөндөгүчө:

Берененин аталышы

Берене

Алымча(-)

Кошумча(+)

Социалдык жардам

Соц жардам

27213100

 +100,0

Ж К Х

Ар түрдүү чыгым

22154900

+365,2

Билим берүү

Тамак ашка

22181100

 

+200,0

 Бардыгы: +665,2