Загрузка документа…
НАЙМАН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры № ХIII-3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2018-жылдын 24-июлундагы № 01-18 / 88 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотторунун регламенти бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттары карап чыгышып, Найман айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл аймагында акскалдар сотунун иштеринин регламенти бекитилсин (Регламент тиркелет).
2. Найман айыл аймагында жогорудагы регламентти жетекчиликке алып иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун курамына тапшырылат.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, диний иштер этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилет.
Тѳрага | Ш.Эрматов |
Найман айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
I глава. Жалпы жоболор
1. Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыгылды жана Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын аймагында түзүлүүчү аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.
2. Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.
3. Аксакалдар сотторунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси),Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы түзөт.
4. Ушул Регламентте колдонулган терминдер.
Аксакалдар сотунун мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдардын, шаарчалардын жана шаарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.
Аксакалдар сотунун мүчөсүн чыгарып салуу - талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.
Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.
Тарап – жабырлануучу же жоопкер.
Аксакалдар сотунун чечими – ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому.
Таасир көрсөтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.
5. Аксакалдар соту жылына 1 жолу – июль айында бүт курамы менен каникулга тарайт жана иштерди материалдарды кабыл албайт, карабайт.
II глава. Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби