Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-8
Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык Кодекстерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу Өз алдынча башкаруу», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык «Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясы тууралуу жобону бекитүү жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясы тууралуу жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №1 тиркеме
|
«Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясы тууралуу ЖОБО
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык Кодекстерине. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу Өз алдынча башкаруу», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты
I. Жалпы жоболор жана комиссияны түзүү тартиби
1. Ноокат шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары -комиссия) өз иш-аракетин Ноокат шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү, ошондой эле жерлерди пайдалануу шарттарын аныктоо же өзгөртүү менен байланышкан маселелерди чечүүдө Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коллегиялдуу
органы болуп саналат.
2. Жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдын (мэрия) сунушу боюнча Ноокат шаардык Кеңешинин токтому менен комиссиянын курамы бекитилет. Комиссиянын курамына (№2-тиркемеге ылайык) түзүлөт.
3. Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департамента комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыздоону жүзөгө ашырат. Ноокат шаарынын Муниципалдык менчик департаментинин жер маселелери боюнча адиси комиссиянын катчысы болуп эсептелет.
4. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары мэрдин сунушу менен, жалпы комиссиянын курамындагы мучөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат.
II. Комиссиянын ишмердүүлүгү
5. Комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) комиссия жер участоктун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 иш күндүн ичинде карайт;
б) жер участокторуна менчик же ижара укуктарды сатуу мүмкүндүгү женүндө чечимдерди кабыл алат;
в) соодага коюлуучу жер участокторуна укуктардын түрүн (менчик, ижара), аны берүү ыкмаларын (аукцион, конкурс же түз сатуу), аукциондук кадамды (эгер аукцион өткөрүлгөн учурда), конкурстун шарттарын жана аларды өткөрүү үчүн башка зарыл мүнөздөмөлөрдү аныктайт;
г) соода же түз сатуу өткөрүлгөндө тооруктун ар бир предмета боюнча старттык бааны комиссия көз каранды эмес баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт.