НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясынын отуруму
2018-жылдын 20-декабры №XVII-11
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-11 токтомуна №1 тиркеме
|
|
|
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Ноокат шаарында Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын (мындан ары – Комиссия) ишинин максаттарын, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, аны түзүү тартибин, ошондой эле Комиссиянын ишин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.
2. Комиссия Ноокат шаар мэриясына караштуу туруктуу иштеген коомдук координациялык кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
3. Өз ишинде Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү жамааттын Уставын, ошондой эле ушул Жобону колдонмо кылып алат.
2. Комиссиянын максаты
2.1 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу процессин камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү жана шаар мэриянын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу Комиссиянын максаты болуп эсептелет.
3. Комиссиянын функциялары
3.1. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын долбоорун (мындан ары – Стратегия) жана ар бир артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү жана башкаруучулук маселе боюнча Аракеттер планын иштеп чыгуу, зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
2) Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруунун ар бир этабында мониторинг жана баалоо жүргүзүү.
3) Зарыл болгон учурда Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруу процессинде көйгөйлүү маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн Комиссиянын отурумун ыкчам тартипте өткөрүү.
4) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестринин долбоорун, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (мэрияга) көмөктөшүү.
5) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүнө тиешелүү жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкууларды өткөрүүгө көмөктөшүү.