Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-13
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
(Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-13 токтомуна №1 тиркеме
|
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-13 токтому менен бекитилген
|
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
Ушул жобо шаар мэриясынын территориясында конкурс өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Конкурс кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн профессионалдык даярдыгынын, квалификациясынын, билиминин деңгээлин обөективдүү жана ачык баалоо максатында өткөрүлөт.
3. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
кепилдик салымы – кызмат көрсөтүү максатында конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкер тарабынан киргизилген акчалай сумма;
конкурс – тандоо жана конкурстун жеңүүчүсүнө кызмат көрсөтүү укуктарын ыйгаруу;
ак ниет эмес атаандаштык – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, ишкердик жүгүртүмдүн салттарына, ак ниеттүүлүк, эстүүлүк жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келбеген артыкчылыктарын сатып алууга багытталган конкурстун субөекттеринин аракеттери, эгерде мындай аракеттер натыйжада төмөнкүгө ээ болсо:
· конкурстун катышуучуларынын ортосунда жашыруун сүйлөшүп алуу,
· коррупция,
· бааларды жасалма жогорулатуу, төмөндөтүү же кармоо,
· конкурска жетүүсүн чектөө же потенциалдуу атаандаштарды жок кылуу жана башка ак ниет эмес аракеттер;