Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры №22
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү буйругунун негизинде Көк-Мойнок айыл өкмөтүндөгү Комиссиялары тууралуу типтүү жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Комиссиянын курамына төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1) Асаналиев Жекшенбай Үсөӊгариевич- Көк-Мойнок айылдык кеӊешинин депутаты- Комиссиянын төрагасы;
2) Сабырбек уулу Бакыт- Көк-Мойнок айылдык кеӊешинин депутаты- Комиссиянын мүчөсү;
3) Баткулдаев Авен Аянбекович - Көк-Мойнок айылдык кеӊешинин депутаты- Комиссиянын мүчөсү;
4) Чолпонбаев Рустам- Көк-Мойнок-1 айылынын тургуну;
5) Султанов Кубанычбек Карагулович- Көк-Мойнок айылдык кеӊешинин депутаты- Комиссиянын мүчөсү;
6) Рысклдиев Каныбек Зарлыкович- Көк-Мойнок айылдык кеӊешинин депутаты- Комиссиянын мүчөсү;
7) Абдраев Темирлан- Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну;
8) Ташпаев Рыскелди Кайыпович- Көк-Мойнок айылдык кеӊешинин депутаты- Комиссиянын мүчөсү;
9) Самудинова Жазгүл Абдулдаевна- Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы- комисиянын мүчөсү;
10) Урумкулова Гүлзат Искакбековна- Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн соц адиси;
11) Койчубаева Айнура- Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо столунун кызматкери.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Тѳрага | Джодаев А.Б. |
|
|
|
Көк- Мойнок Айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 2018-ж. “14” декабрындагы №22 токтому менен бекитилген
|
Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди
кароо боюнча комиссиялары тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын , Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кенештин алдында отчёт берет. Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчёт даярдап жергиликтүү кенешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык – техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн
токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: