Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №3
Сарай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүү жана алардын ишинин тартиби жөнүндөгү жобосу менен таанышып жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл аймагынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу бекитилсин. Жобо тиркелет.
2. Сарай айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы бекитилсин. Курамы тиркелет.
Тѳрага | Э.Арзиев |
| Сарай айылдык Кеңешинин 25.12.2018-жылдын № 3 токтомуна тиркеме |
Сарай айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиялары тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;