Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры №19/88
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүгүнөжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 24-июль2018-жылдагы №01-18/88 буйругуна ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин регламентин талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин регламенти бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тиркеме: 9 баракта, 1 нускада.
Тѳрага | Ч.Ү. Кыдыралиев |
|
|
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIX сессиясынын 06.12.2018. № 19/88 токтомуна тиркеме |
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
аксакалдар сотунун ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
I. глава. Жалпы жоболор
1.Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыгылды жана Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлүүчү аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.
2.Аксакалдар соту - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.
3.Аксакалдар сотторунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси), Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы түзөт.
4.Ушул Регламентте колдонулган терминдер.
Аксакалдар сотунун мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр- баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.
Аксакалдар сотунун мүчөсүн чыгарып салуу - талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.
Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.
Тарап -жабырлануучу же жоопкер.
Аксакалдар сотунун чечими – ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому.
Таасир көрсөтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза. 5.Аксакалдар соту жылына 1 жолу 1-июлда бүт курамы менен каникулга тарайт жана