Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры №19/89
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүгүнөжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17-октябрь2018-жылдагы №01-18/126 буйругуна ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобо бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
2. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча 5 жарандан турган комиссиянын курамы бекитилсин (2-тиркеме тиркелет)
3. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын ишин уюштуруу, иштешине шарттарды түзүп берүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тиркеме: 5 баракта, 1 нускада. 1 баракта, 1 нускада.
Тѳрага | Ч.Ү. Кыдыралиев |
|
|
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XIX сессиясынын 06.12.2018. № 19/89 токтомуна 1-тиркеме |
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди
кароо боюнча комиссия тууралуу жобо
1.Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары
-Кодекс) каралган Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы Сары-Булакайыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешине киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо Сары- Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүнтоктотуунун тартиби
8.Комиссия так санда, 5 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10.Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: