Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №21/94
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнөжана 46-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2018-2020-жылдары Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2018-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдары Сары-Булакайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2018-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга социалдык- экономикалык жактан өнүгүүнүн программасын, кезектеги сессияга бекиттирүү менен аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын 28.12.2018. № 21/94 токтомуна тиркеме |
2018-2020-жылдары Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2018-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматы.
Урматтуу Депутаттар!
Сары-Булак айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү багытында 2018-жыличинде аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү менен тааныштырууга уруксаат этиңиздер.
1.Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Ак-Кыя жана Сары-Булакайылдарынан турат. Айыл өкмөтү боюнча түтүндүн саны 204, калктын саны 1216
2018-жылга карата кирешелер бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгүдөй:
№ | Салыктардын түрү | Берилген | Аткарылышы | % |
|
| план |
|
|
1 | Киреше салыгы | 701,0 | 570,3 | 81,4 |
|
|
|
|
|
2 | Ыктыярдуу патенттен түшүүчү | 38,0 | 44,5 | 117,1 |
| салык |
|
|
|
3 | Кыймылсыз мүлккө салынуучу | 9,0 | 13,7 | 152,2 |
| салык |
|
|
|
4 | Транспорт салыгы | 108,0 | 114,3 | 105,8 |
|
|
|
|
|
5 | Жер салык физикалык салык | 12,5 | 13,6 | 108,8 |
|
|
|
|
|
6 | Жер салык юридикалык салык | 27,6 | 37,3 | 135,1 |
|
|
|
|
|
7 | Айыл чарбасына арналбаган жер | 37,0 | 34,0 | 91,9 |
| салык |
|
|
|
8 | Сатуудан түшкөн салык | 110,0 | 24,9 | 22,6 |
|
|
|
|
|
9 | Рояльти | 115,0 | 213,5 | 185,7 |
|
|
|
|
|
10 | Лицензия алуу үчүн төлөм | 30,0 | 19,5 | 65,0 |
|
|
|
|
|
11 | Жайыт акысы | 486,3 | 498,1 | 102,4 |
|
|
|
|
|
12 | фПС жеринин арендасы | 12,3 | 65,4 | 5,0 р |
|
|
|
|
|
13 | Тазалык жыйым | 5,0 | 5,2 | 104,0 |
|
|
|
|
|
| Баардыгы | 1691,7 | 1654,3 | 97,8 |
|
|
|
|
|
Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондуда бардыгы болуп 220 гектар жер бар, анын ичинен 16 гектар кайрак айдоо, 204 гектар жер чабынды .
Бүгүнкү күндө 204 гектар жердин 195,76 гектар жери айыл тургундарына ижарага берилген, 24,24 гектар жер аянты жер астындагы суулардын пайда болушунан улам чабындыга жараксыз жерлер болгондуктан ижарага берүүгө мүмкүн эмес.
Быйылкы жылга чабынды 19,62 гектр, кайрак 1,20 гектар жер аукционго коюлуп ижарага берилди.
Жыл башынан бери айыл өкмөтүнө жарандардан 47 жазуу жүзүндө арыздар келип, 300 оозеки кайрылуулар болду. Келип түшкөн 47 арыз баардыгы аткарууга алынып жооптор убагында берилип, оозеки кайрылууларга убагында жооптор берилди. Айыл өкмөтүнө жыл башынан бери райондук мамлекеттик администрациядан райондук мекемелерден 323 буйруктар, каттар келип убагында аткарылууда, айыл өкмөтү тарабынан жогорку органдарга жарандарга 366 каттар, кайрылуулар, сунуштар жөнөтүлдү. Жарандарга жашагандыгы тууралуу 850 жана малы тууралуу 670 маалыматтар берилди.
Кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү боюнча айыл өкмөтүнө баардыгы 106 тонна көмүр толугу менен түшүрүлдү.
Ү. Бейшеев орто мектебине 53 тонна
Шамен орто мектебине | 21 тонна |
Бала бакча | 12 тонна |
Контор, китепканага | 12 тонна |
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча декабрь айында мал санак жүрүп төмөндөгүд саны: