Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-декабры №16/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекекттик агентиги тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндөгү ТИПТҮҮ Жобосун угуп жана талкуулап аны турмушка ашырууну камсыз кылуу жөнүндө Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин “ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОНУ бекитүү жөнундөгү” 2018-жылдын 4-октябрындагы №01-18/126-буйругу аткарууга жана жетекчилиикке алынсын.
2. Бел айыл өкмөтүнүн алдында бузуулар жөнүндөгү маселелерди кароо боюнча атайын комиссия түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Бекботоев Т.М. |
|
|
| Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 2018-жылдын “08” декабрь XVI сессиясынын №16-1 токтомуна тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн
токтотуунун тартиби.
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан. Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.