Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-декабры №16/4
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигини”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештерини депутаттарынын ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН бекитүү жөнундөгү” 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/89-буйругун угуп жана талкуулап Бепл айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигини”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештерини депутаттарынын ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН бекитүү жөнундөгү”2018-жылдын 24- июлундагы №01-18/89-буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Бел айылдык Кенешинин депутаттары ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСтин нормаларын так сактоону өздөрүнүн негизги милдети деп эсептесин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Бекботоев Т. |
|
|
| Бел айылдык кеңешинин 2018-жылдын 08декабрындагы №16-4-токтомуна тиркеме
|
Бел айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодекси
Бул кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I.Жалпы жобо
1.1.Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары – депутаттар) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюнаа шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. Бел айылдык кеңешинин депутаттарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү депутаттык этиканын эрежелери.
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.