Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры № 9.1
Жергиликтүү кенештин депутаты наамынын коомдогу социялдык маанисин, абройун жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кенештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги жана эл алдында чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алданча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекетик агенттигинин 2018-жылдын 24-июльундагы № 01-18-89- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кенештеринин Типттүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө буйругунун негизинде Сары-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылдык кенешинин этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин мыйзамдуулук, Укук тартиби , Кенештин иштери , депутаттык этика, Коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ж.Акматалиев |
|
|
| Сары – Булак айылдык Кенешинин 2018-жылдын 28-ноябрындагы кезексиз 9- сессиясынын № 9.1-токтомуна тиркеме
|
САРЫ – БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөзсүз аткаруугамилдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүмаксаттарынжетекчиликкеалуукерек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.