Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры № 9.3
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жанан этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 24-июльундагы № 01-18-88 “Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде Сары-Булак айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылдык аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
2. Сары-Булак айылдык аймагынын аксакалдар сотторунун курамы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
1. Мырзалиев Женишбек. Конокбай-талаа айылынын тургуну аксакалдар сотунун төрагасы.
2. Маликов Адан. Тегерек-саз айылынын тургуну аксакалдар сотунун мүчөсү.
3.Сатыбалдыев Рысбай. Сары-Булак айылынын тургуну аксакалдар сотунун мүчөсү.
4. Абдикеримов Сталбек . Тргуз-Булак айылынын тургуну. Аксакалдар сотунун мүчөсү.
5. Дыйканбаев Абдижалил . Сары-Күнгөй айылынын тургуну аксакалдар сотунун мүчөсү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин мыйзамдуулук, Укук тартиби , Кенештин иштери , депутаттык этика, Коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ж.Акматалиев |
|
|
| Сары – Булак айылдык Кенешинин 2018-жылдын 28-ноябрындагы кезексиз 9- сессиясынын № 9.3-токтомуна тиркеме
|
Сары- Булак айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотторунун ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
I глава. Жалпы жоболор
1. Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыгылды жана Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын аймагында түзүлүүчү аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.
2. Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.
3. Аксакалдар сотторунун укуктук негизин Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси),Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамытүзөт.
4. Ушул Регламентте колдонулган терминдер.
Аксакалдар сотунун мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдардын, шаарчалардын жана шаарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.
Аксакалдар сотунун мүчөсүн чыгарып салуу - талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.
Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.
Тарап – жабырлануучу же жоопкер.
Аксакалдар сотунун чечими – ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому.
Таасир көрсөтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.
5. Аксакалдар соту жылына 1 жолу – июль айында бүт курамы менен каникулга тарайт жана иштерди материалдарды кабыл албайт, карабайт.