Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №29/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадырованын билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл кеңешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Э.Кадыровага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Жээнбеков Д.Т. |
| Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 2019-жылдын 8-февралындагы 29-заседаниесинин № 29/2 токтомуна тиркеме №1 |
Гүлчө айылдык кеңешинин 2019-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
Гүлчө айылдык кеңешинин отурумунда каралуучу маселелер:
БИРИНЧИ КВАРТАЛДА
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин планынын долбоорун бекитүү.
(Баяндаманы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу А жасайт)
Алдын ала Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карайт тактайт.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын социалдык – экономикалык планынын аткарылышы жана 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү (Баяндаманы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу А жасайт)
Айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча
туруктуу комиссиясы алдын ала тактайт
3. Гүлчө айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планын бекитүү (Баяндаманы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадырова жасайт)
5. Гүлчө Тазалык ишканасынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету(Баяндаманы Гүлчө Тазалык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиков жасайт)
Экинчи кварталда