Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры №15/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы 01-18/126 - буйругунун негизинде Талды-Суу йылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу-укуктук маселелер,мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрайым | Э.Эргешбаева |
| Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын «4» декабрындагы кезектеги 15-отурумунун № 15/1 токтому менен бекитилген
Талды-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-жылдын «4» -декабрындагы кезектеги 15 -отурумунун № 15/ 1 токтомунун № 1 тиркемеси
|
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Респуликасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнундө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кенештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кенештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;