Загрузка документа…
ОН-ЭКИ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-декабры №15-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө” Агенттиктин № 01-18 / - 126 буйругун жетекчиликке алуу менен айылдык кенешинин депутаттары жогорудагы маселени талкулап чыгышып, Он Эки Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо бекитилсин.(Жобо № 1 тиркелет)
2. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылыйык айыл аймагында комиссиянын курамы бекитилсин .(тиркеме тиркелет № 2 )
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, диний иштер этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилет.
Тѳрага | Д.Кантов |
|
|
| Он Эки Бел айылдык кенешинин 2018-жылдын 08-декабрындагы № 15-1- токтомуна №1 тиркеме.
|
Он Эки Бел айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобоКыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Он Эки Бел айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештиналдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;