Загрузка документа…
ОН-ЭКИ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-декабры №15-2
Он Эки Бел айылдык кенешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2018-жылдын 24-июлундагы № 01-18 / 89 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндөгү маселени жетекчиликке алып , карап чыгышып, Он Эки Бел айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык кенешинин депутаттарынын этикалык кодексинин жобосу бекитилсин. (жобо тиркеме тиркелет)
2. Он Эки Бел айылдык кенешинин депутаттары мындан ары бекитилген жобону жетекчиликке алып иш жүзунда аткаруу жагы эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, диний иштер этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилет.
Тѳрага | Д.Кантов |
|
|
| Он Эки Бел айылдык кенешинин 2018-жылдын 08-декабрындагы № 15-2- токтомуна тиркеме.
|
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.