Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-февралы №1-3
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 11-пункутунун негизинде С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Регламенттин аткарылышын камсыздоо айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Тѳрага |
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ I. БӨЛ/К. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ II. БӨЛ/К. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ III. БӨЛ/К. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕЧИМДЕРИН ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ IV. БӨЛ/К. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЧЫГАРУУ ИШИ V. БӨЛ/К. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, айылдык кеңештин ишин жөнгө салган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарынын негизинде иштелип чыкты. I БӨЛ/К. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ 1-бөлүм. Жалпы жоболор 1.1. С. Юсупова айылдык кеңеш (мындан ары – айылдык кеңеш) – жашыруун добуш берүүдө жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 31 депутаттан турган, өз ишин коллегиялуулук негизде жүргүзгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы. 1.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак деп эсептелет. Айылдык кеңештин өз мөөрү, штампы жана бланктары, банк мекемесинде эсеби, өз милдеттери боюнча жооп берген мүлкү бар, ал өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттемелерге ээ болуп жана ишке ашыра алат, сотто жоопкер жана доочу боло алат. 1.3. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компентенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечет, өзү кабыл алган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |