Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №5-6
USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын Жобосун карап жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С.Юсупова айылдык Кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын Жобосу бекитилсин (жобо тиркелет)
2. С. Юсупова айыл өкмөтүндөгү жаңыдан түзүлгөн “Жумушчу Комиссия” Жобонун негизиндн иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |
| С.Юсупова айылдык Кеӊешинин 2018-жылдын 26 – октябрындагы 6-чакырык 5-сессиясынын №5-6 сандуу токтому менен бекитилген
|
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) С. Юсупова айылдык аймагындагы Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын (мындан ары – Комиссия) ишинин максаттарын, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, аны түзүү тартибин, ошондой эле Комиссиянын ишин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.
1.2 Комиссия С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу туруктуу иштеген коомдук координациялык кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
1.3 Өз ишинде Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү жамааттын Уставын, ошондой эле ушул Жобону колдонмо кылып алат.
2. Комиссиянын максаты
2.1 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу процессин камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү жана С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу Комиссиянын максаты болуп эсептелет.
3. Комиссиянын функциялары
3.1. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын долбоорун (мындан ары – Стратегия) жана ар бир артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү жана башкаруучулук маселе боюнча Аракеттер планын иштеп чыгуу, зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
2) Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруунун ар бир этабында мониторинг жана баалоо жүргүзүү.
3) Зарыл болгон учурда Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруу процессинде көйгөйлүү маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн Комиссиянын отурумун ыкчам тартипте өткөрүү.
4) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестринин долбоорун, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө) көмөктөшүү.
5) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүнө тиешелүү жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкууларды өткөрүүгө көмөктөшүү.