Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №5-7
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдагы №01-18/126 сандуу буйругун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия төмөнкү курамы бекитилсин.
1. И. Довидов – С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
2. Т. Ахматохунов – Бирлик айылынын айыл башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары
3. Г. Мамытова - С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын катчысы.
4. З. Гуломидинов – С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү.
5. К. Хамидов – С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
6. С. Нурдинов – С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
7. М. Артиков – С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
3. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия типтүү жобонун негизинде иш жүргүзүүгө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |
| С.Юсупова айылдык Кеӊешинин 2018-жылдын 26 – октябрындагы 6-чакырык 5-сессиясынын №5-7 сандуу токтому менен бекитилген
|
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн “Бузуулар жөнүндө” иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;