Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №6-3
С. Юсупова айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүнү эң эле эффективдүү ыкма менен уюштурууну, жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерин камсыздоодо, ошондой эле, кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында жана 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиялык программанын алкагында, айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын карап жана талкулап чыгып депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын турмушка ашыруу боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |
| “БЕКИТЕМИН” С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы _________________________ К. Нарматов 2018-жылдын 18 - декабрь айы
|
С.ЮСУПОВА АЙЫЛ АЙМАГЫНДА
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ
СТРАТЕГИЯСЫ
Араван айылы - 2018-жыл
Бул Стратегия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын (СЭӨП) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө СЭӨП те чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт.
Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Ø Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет;
Ø ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат жана азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет;
Ø Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот;
Ø Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу С.Юсупова айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын максаты – С.Юсупова айыл аймагында кызмат көрсөтүү процессин эң эле эффективдүү ыкма менен уюштура алышат, жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыздоо.
Максатка жетүү үчүн Чек-Абад айыл өкмөтүндө төмөнкү тапшырмалар аткарылат: