Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №6-5
USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбоору алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн профессионалдык даярдыгынын, квалификациясынын, билиминин деңгээлин обөективдүү жана ачык баалоо максатында кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С.Юсупова айылдык Кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (жобо тиркелет).
2. С.Юсупова айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүгө конкурстар ушул жобонун негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |
| С. Юсупова айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы 6-чакырык 6-сессиясынын №6-5 токтомуна №1-тиркеме |
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
Ушул жобо айыл аймагынын территориясында конкурс өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Конкурс кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн профессионалдык даярдыгынын, квалификациясынын, билиминин деңгээлин обөективдүү жана ачык баалоо максатында өткөрүлөт.
3. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
кепилдик салымы – кызмат көрсөтүү максатында конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкер тарабынан киргизилген акчалай сумма;
конкурс – тандоо жана конкурстун жеңүүчүсүнө кызмат көрсөтүү укуктарын ыйгаруу;
ак ниет эмес атаандаштык – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, ишкердик жүгүртүмдүн салттарына, ак ниеттүүлүк, эстүүлүк жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келбеген артыкчылыктарын сатып алууга багытталган конкурстун субөекттеринин аракеттери, эгерде мындай аракеттер натыйжада төмөнкүгө ээ болсо:
· конкурстун катышуучуларынын ортосунда жашыруун сүйлөшүп алуу,
· коррупция,
· бааларды жасалма жогорулатуу, төмөндөтүү же кармоо,
· конкурска жетүүсүн чектөө же потенциалдуу атаандаштарды жок кылуу жана башка ак ниет эмес аракеттер;