Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №5
2019-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык Кеңештин төрагасы С.Сансызбаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 9 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык Кеңештин төрагасы С.Сансызбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. 2019-жылга карата шаардык Кенештин иш планы бекитилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Тѳрага | С.Сансызбаев |
|
| «Бекитилди» Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышынын 21.12.2018-жылдагы кезектеги 9 -сессиясынын №5 токтому
|
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин
2019-жылга иш планы.
I. Шаардык Кенештин сессияларында каралуучу маселелер:
I-квартал
1. 2018-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардык мэриянын аткарган иштери боюнча шаардын мэринин отчету.
2. 2018-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча салык башкармалыгынын башчысынын маалыматы.
3. Муниципалдык Менчик Департаментинин 2018- жыл ичинде аткарган иштери тууралуу Муниципалдык Менчик Департаментинин отчету.
4. Шамалды-Сай шаарча аймактык башкармалыгынын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана насостук станциялардын абалы тууралуу маалыматы.
II-квартал
1. 2020-жылга шаардын бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө.
2. Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме-ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө.
3. Шаардын аймагындагы мектептерде 2018-2019-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө.
4. Шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана Бюджет» боюнча туруктуу комиссиясынын отчету.
5. Шаардык Кенештин алдындагы «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу