Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №10
Таш-Көмүр шаардык Кенешинин шаардын аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобону бекитүү жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезектеги 9– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Кенешинин шаардын аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобону бекитүү жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык Кенешинин шаардын аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобосу бекитилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Сансызбаев |
|
| «Бекитилди» Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышынын 21.12.2018-жылдагы кезектеги 9 -сессиясынын №10 токтому
|
Таш-Көмүр шаардык Кенешинин шаардын аймагында бузуулар жөнүндө
иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Таш-Көмүр шаардык Кенешинин шаардын аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия Таш-Көмүр шаардык Кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы шаардык кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия шаардык кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап шаардык кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Шаардык кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: