Редакцияот 24.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жол айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2018-жылдын 24-декабры №1/3

2018-жылдан калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Ак-Жол айыл өкмөтнн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги ХI-сесиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнөн 2019-жылга калган 9 221,6 (тогуз миллион эки жүз жыйырма бир миң алты жүз) сом калдык акча каражаты № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү 2017-жылдын 23-октябрь айындагы №690-токтомуна негиз 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБнүн башчысы C.Ажыматовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага

Т.Батыралиев

 

 

Ак-Жол айылдык Кеңешинин 24-декабрь 2018-жылдагы VII-чакырылышынын ХI-сессиясындагы № 1/3 токтомуна № 3-тиркеме

№

 

 

 

Жалпы сумма

9221,6

1

Ак-Жол айылына тратуар курууга

2100,0

2

Бала-бакча уюштурууга

1000,0

3

Сыдыков мектеби ысык тамак уюштуруу

152,0

4

Бала-бакча курууга

2000,0

5

Эс алуу жайын бүткөрүүгө

405,8

6

Шынаа айылындагы алышты оңдоого

130,0

7

Спорт комплекс ремонт иштери үчүн

70,0

8

Жолдошов ашканага өздүк салым

197,8

9

Жолдошов мектебин лабороториядан өткөрүүгө

6,0

10

Жолдошов мектебине компютер алууга

30,0

11

Аксакалдар кеңешине

40,0

12

Айылдык Кеңешке кабинет даярдоо

300,0

13

Айылдарга табличка жасатуу

250,0

14

Орозалиев мектеби 3 класс полун алмаштыруу

120,0

15

ФАП райкомол ремонттоого

60,0

16

Райкомол айылына фудбол аянтча курууга

1400,0

17

Кызматтык авто унаа алууга

700,0

18

кассалык накталай акчанын көлөмү

260,0

 

бардыгы :

9221,6

Ак-Жол айылдык Кеңешинин

бюджет комитетинин төрагасы

Э Эшалиев