Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
2018-жылдын 27-декабры № _01-8/44
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча шаардык комиссиясынын жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамлилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө» иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө» №01-18 1/26 буйругун аткаруу максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча шаардык комиссиянын жобосу бекитилсин (жобо тиркелет)
2.Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча шаардык комиссиясынын курамы бекитилсин.
1.Султанов М.М. Баткен шаарынын 1-вице мэрии, комиссиянгын төрагасы,
2.Алдашова Ж.М Баткен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы төраганын орун басары,
3.Кожомбердиев Б шаар мэриясынын юристи, комиссиянын катчысы,
Мүчөлөрү:
4.Айкынов Х.И Аксакалдар сотунун төрагасы,
5.Нишанов З.А Баткен ШИИБнүн начальнигинин орун басары,
6.Ахмедова Ч.М Шаардык Кеңештин депутаты,
7.Эргешов К Баткен областык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын башчысы
3.Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча шаардык комиссиясы өз ишмердүүлүгүн «КР бузуулар жөнүндө» Кодексинде каралган тартипте жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом шаардык «Өрүк зар» газетасы аркылуу шаар калкына жеткирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
Баткен шаардык кеңешинин
VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№ 01-8/44 токтомуну менен бекитилген
Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
Комиссиясынын ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия шаардык кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы шаардык кеңештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия шаардык кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап шаардык кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.