БАТКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жыл 27-декабры № 01-8/46
Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын этика кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын Типтүү Этикалык Кодекси жөнүндө» №01-18/89 буйругунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодекси бекитилсин. (кодекс тиркелет)
2.Токтом мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3.Ушул токтом шаардык “Өрүкзар” саясый газетасы аркылуу жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, чек ара, кылмыштуулук, депутаттык мандат, этика жана Регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №01-8/46 токтомунун №1 тиркемеси
|
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс Баткен шаардык кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Шаардык кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, шаардык кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар шаардык кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.