Загрузка документа…
АК-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/06 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобонун жана айылдык кеңештин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Ак-Булун айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын 20- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркелет)
3. Токтом маалымат каражаттарына жайгаштырылсын жана Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жакуповго милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Тѳрага | Алымжан уулу Исламбек |
| Ак-Булун айылдык кенештин 03.12.2018-ж ХХ-сессиясынын № 1 токтомунун № 2- тиркемеси
|
Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы
1.Боденов Эркин –Ак-Булак айылынын аксакалдар сотунун төрагасы,комиссиянын төрагасы
2.Муканбетов Данияр –айыл башчы,комиссиянын катчысы ,мүчөсү
3.Женишов Нурмат - айыл башчы ,комиссиянын мүчөсү
4.Тердикбаев Буларкы –Ак-Булун айылынын аксакалдар сотунун төрагасы,мүчөсү
5.Абдиев Адилет - Ак-Булун айылынын айыл башчысы,мүчөсү
6.Ажынаев Акыл -айылдык кенештин депутаты ,мүчөсү
7.Алышбаев Мекенбек –айылдык кенештин депутаты,мүчөсү
8.Дабаев Айбек- –айылдык кенештин депутаты,мүчөсү
9.Апсалиев Тынчтык –Ак-Булак айылынын аксакалдар сотунун төрагасы,мүчөсү
10.Калилаева Рахат - Ак-Булак айылынын аялдар кенешинин төрайымы,мүчөсү
11.Адунчиева Зинаш -Ак-Булун айыл кенешинин төрайымы ,мүчөсү
| Ак-Булун айылдык кенештин 03.12.2018-ж ХХ-сессиясынын № 1 токтому менен бекитилген
|
Ак-Булун айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди