Загрузка документа…
БӨРҮ-БАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №38
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексиинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 буйругунун негизинде Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү жобосун бекитүү жөнүндө карап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин. /Жобо тиркелет/.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Тѳрага | Б.Ахметов |
Бөрү-Баш айылдык кеңешинин
17-сессиясынын
29.11. 2018-жылдагы №38 токтомуна
Бөрү-Баш айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди
кароо боюнча комиссиясы тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин 17.10.2018-жылдагы № 01-18/16 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү Жобонун негизинде түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинде (мындан ары – Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын ( мындан ары- Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия Кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
Комиссия жергилитктүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календердык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.