Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели №16/1
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №111 сандуу сунушуна жана бул сунушту колдоого алуу боюнча айылдык кеңештин “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-апрелиндеги корутундусуна (протокол №12) ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана “Жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым кызматтардын жана жергиликтүү маанидеги маселелердин (ЖМ.М) алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын чыныгы абалын үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү боюнча системалуу иштөөчү “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу” жөнүндө Жобо бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет).
2. Авлетим айыл аймагынын чегинде аракеттенүүчү “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун” (БМжБ) курамы бекитилсин (№2-тиркеме тиркелет).
3. БМжБ тобунун иштөө (аракеттенүү) мөөнөтү 2018-жылдын май айынан 2020-жылдын май айына чейин белгиленсин.
4. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо” тобу Жобого ылайык өзүнүн уюштуруу иштерин жүргүзсүн.
5. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо” (БМжБ) тобу кийинки сессияга өзүнүн түзгөн иш планын бекитүүгө сунушталсын.
6. БМжБ тобунун иш-аракеттерин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү” Жобонун 5.7 беренесине ылайык айыл өкмөтүнө (башчысы Н.Абдыраманов) жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.Ө.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
|
|
Авлетим айылдык кеңешинин
26.04.2018-ж. №16/1 токтомуна
№1 тиркеме
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) үчүн иштелип чыккан.
1.2. БМжБТ жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен түзүлүп, жергиликтүү кеңеш сессиясында бекилген.
1.3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо бул мамлекет тарабынан өткөзүп берилген мамлекеттик ыйгарым кызматтардын, жергиликтүү маанидеги маселелердин (ЖММ) алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын жана муниципалдык кызматтарды уюштуруу жана кызматтарды көрсөтүү тармагындагы муниципалитетте болуп турган чыныгы абалын үзгүлтүксүз байкоо системасы болуп саналат. Болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн системдик анализин өз учурунда жүргүзүү, терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана кыска мөөнөттүк болжолдоону жүргүзүү ушул байкоо системасынын максаты болуп саналат.
1.4. Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш эффектүүлүгү менен муниципалитеттин абалын аныктоо (баало) үчүн негизги маалымат булагы болуп саналат. БМжБ жалаң гана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапат деңгээлин аныктабастан, жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруу эффективдүүлүгүн аныктайт.
1.5. БМжБ жүргүзүү төмөнкү принциптерге жооп берүү керек:
• Практикалык пайдалуулук: болжолдогон пайдалануучулардын маалымат муктаждыктарын канааттандыруу.
• Иш жүзүнө ашырылууга мүмкүн болгондук: реалдуу, чөйрөгө туура келген, дипломатиялык жана сарамжалдуу болуу зарыл.
• Мыйзамдуулук: этика нормаларына жана мыйзамдарга ылайык БМжБ жүргүзүү керек, ошондой эле баалоого бардык катышкандардын жана баалоо натыйжалары таасир эте турган адамдардын бейпилдигин эске алуу зарыл.
• Тактык: баалай турган программанын, кызматтын, долбоордун ж. б. маанисин жана баалуулугун аныктай турган өзгөчөлүктөрү жөнүндө биргелешкен мониторинг менен баалоо ишенимдүү маалыматты берүү керек.
• Калыстык: программанын, кызматтын, долбоордун ж. б. андан ары эффекттүү жана натыйжалуу ишке ашыруу процессии улантуу боюнча туура чечимдерди кабыл алуу жолдорун тандоо максатын көздөө.